Энергетика жана өнөр жай министри: "Быйыл электр энергиясы аз болот, эл отун, көмүр камдасын"
Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз, буга байланыштуу кыш мезгилинде өлкө боюнча электр энергиясын өчүрүүлөр болот. Мындай маалыматты энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 27-июндагы парламент жыйынында айтты. "Калк электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга үйрөнүшү керек. Кышка чейин отун, көмүр камдашы керек",- деди министр. Депутаттар да кышында жарык көп өчүрүлөрүн элге түшүндүрүү керектигин баса белгилешти.