"Дордой" базарына аз санда каттаган маршруттук таксилерди түштөн кийин таппай убарабыз" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Өз билдирүүсүндө окурман "Дордой" базарына каттаган айрым маршруттук таксилер аз санда экенин айткан.
"Сүрөттө "Дордой" базарынын маршруттук таксилер токтоочу жайы. Элдин аягы үзүлбөгөн бул базарга каттаган №230, №226, №252-маршруттук таксилердин саны аз. Мындан сырткары түштөн кийин, тактап айтканда, саат 13:00-14:00дөн кийин аларды такыр таппай калган учурлар да болот. Мунун айынан аптаптуу күндө карапайым калк эле кыйналып жатат. Айдоочуларды көзөмөлдөп тартипке салган тараптар аларды карабай эмне иш кылып жатат?" - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.