Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште «КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунда КРдагы Ички иштер министрлиги, прокуратура органдарында, Салык кызматында жана Бажы кызматында иштөө үчүн аскердик кызмат өтөшүнө артыкчылык берилет деген ченем камтылган. Тармактык комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу укук коргоо жана прокуратура кызматтарынын баркын көтөрүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле альтернативдик кызматты өтөгөндөргө укук коргоо органдарында иштөөгө жол берилет.