Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков 2012-жылы негизги иш ордунан 233 400 сом киреше тааптыр. Бул тууралуу аталган мамкызматкердин бир жылдык кирешеси тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Ага таандык 150 чарчы метр аянтты ээлеген бир үй жана 150, 700 чарчы метр аянтты ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү бар.