Бүгүн, 10-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Атамбаевсиз КСДП”. Дал ушундай чакырык бүгүн аталган партиянын Чүй облусуна караштуу Москва районундагы мүчөлөрү тарабынан өткөрүлгөн жыйында айтылды. Ага катышкан Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, жыйындын соңунда резолюция кабыл алынган. Анда өлкөнүн бардык аймактарында “Атамбаевсиз КСДП” деген аталыштагы конференцияларды өткөрүп, партиянын кезексиз курултайын чакыруу айтылат. Резолюцияга КСДПнын саясий кеңешиндеги жана партиядагы татыксыз адамдардан арылуу да киргизилген. КСДП бүгүнкү бул жыйын жана анда кабыл алынган резолюциянын артында кайсы бир күчтөр бар экенин кыйытып, “аларга бир нерсе убадаланган болушу керек, ошого аракет кылып жатышат” деп жарыялады.
Сагынбек Абдрахманов өткөн жылы КСДПнын эски активисттери тарабынан президенттикке альтернативдүү талапкер катары көрсөтүлүп, талкууга алынган. Ал буга чейин Чүй облусунун башчысы, “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Жакында эле Абдрахманов экс-президент, партия лидери Алмазбек Атамбаевди КСДПнын тизмесинен чыгарабыз деп чыккан. Буга партия анын өзү тизмеде жок экенин айтып, былтыр саясий кеңештин чечими менен Абдрахманов партиянын катарынан чыгарылганын билдирип жооп кылган.
КСДПнын Москва, Жайыл аймагындагы көп жылдык активисттеринин бул аракетинин башка аймактарга жайылышы эми бийликтен жана парламенттеги КСДП фракциясынан көз каранды. Эгер бийликте жаңы партия түзүү планы болсо, анда эски активисттердин бул аракети өлкө аймагына кулачын жая албай кала берет. Эгер Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы партия катары кийинки саясий сезонго катышкысы келсе, анда Абдрахмановдун аракети партиянын башка аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө да жайылтылышы мүмкүн...
Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин кыскартылганы боюнча коомчулукта кайчы пикирлер күчөп жатат. Эске салсак, бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу 5-июль күнү таратып, эртеси 6-июлда УКМК ырастаган болчу. "Конгантиев 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү Талас облусунда болгондуктан Бишкектеги кандуу окуяларга таасир эте алган эмес. Конгантиевдин мындай аракеттеринде кылмыштын курамы жок жана мыйзам бузуу катары эсептелинбейт”, - деп актоого тете бааланган чечимин УКМК ушундайча түшүндүргөн. Жыйынтыгында, экс-министрге карата “кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” жана “шалаакылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш иши сотко жетпей токтотулду.
Бул маалымат ачыкка чыгары менен “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси маалымат жыйын өткөрүп, Апрель окуясынын катышуучулары жана ал окуяда каза болгондордун жакындары президентке кайрылуу жолдошорун билдиришти. Бирикме “Конгантиевдин ишинин кыскартылышы Бакиевдерди актоого алып барат” деген позицияда.
Бүгүн ушундай эле позицияны карманган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрдү. Эске салсак, ал Апрель окуясында Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткан кыймылдын, кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Анын айтымында, Конгантиев соттун гана чечими менен акталышы шарт жана сот гана анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин айта алат. Бекназаров “Бакиевдин буйругу менен 7-апрелдин алдында штаб түзүлүп, ошол штабдын чечиминен улам митингчилерге ок атылган. Ал штабдын мүчөсү катары Конгантиев “Ала-Тоо” аянтындагы кандуу калабага күнөөлүү. Кылмыш ишин токтотуп коюу – бул туура эмес, ал толугу менен Апрель революциясынын принциптерине каршы турат” деп эсептейт. Ошондой эле бул иш боюнча экс-президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да өз пикирин билдириши керектигин айтты.
"Бакиевдик кандуу режимди" Курманбек Бакиев жана анын бир туугандары, балдары деп жалгыз түшүнүү, баарына жалгыз гана Курманбек Бакиев жана анын туугандарын күнөөлүү катары көрсөтүү - бул өз элин сыйлабастык. Ошол режимдин камчысын чапкандар ириде - "кандуу режимдин" куруучулары. Мамлекетте коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган министрликти, башкача айтканда ИИМди бир нече жыл жетектеп турган адам ошол "кандуу режимди" куруучулардын бири. Учурда аны актаган бийлик Молдомуса Конгантиевдин кылмыштык жоопкерчилигин 2010-жылдын 6-7-апрель күндөрү менен гана чектегенге аракет кылып жатат. Конгантиев ички иштер министрлигин 2008- жылдан 2010-жылдын 7-апрелине чейин башкарып, ага чейин 3 жыл борбор шаар Бишкек ШИИБинин башчысы болуп турган.
Ал ИИМди жетектеп турган кезде, тагыраагы, 2009-жылдын 13-мартында президенттик аппараттын башчысы, көп жылдык мамлекеттик ишмер Медет Садыркулов коштоочулары менен кошо мыкаачылык менен өлтүрүлүп, өрттөлгөн сөөгү унаанын ичинен табылган. Бул окуядагы 3 адамдын өлүмүн Конгантиев башында турган ИИМ кадимки жол кырсыгы катары көрсөтүп, тергөө жүргүзүп, кайсы бир адамды соттоп жиберген. Бул кандуу окуянын бети 2011-жылы гана ачылган. Баш-аягы бул кылмышка тиешеси бар деп 17 киши кармалганын ошол кезде ички иштер министри болуп турган Зарылбек Рысалиев айткан. Алардын катарында орган кызматкерлери, уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү, экс-президенттин чөйрөсүндөгү чоң кызматтагы жооптуу адамдар болгону жарыяланган. Укук коргоо органдары Молдомуса Конгантиев тергөөдөгү мындай фальсификацияга жөн гана көзүн жумуп койгондугу үчүн эми суракка чакырыларын айтышкан. Ошол бойдон Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Конгантиевдин жоопкерчилиги тууралуу сөз козголбой, жыйынтыгы элге жарыяланбай кала берди. Көзүн жумуп койгондордун катарында ошол кездеги баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев да бар болчу. Ал буга байланыштуу "Супер-Инфого" берген маегинде "Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча мен кызматтык милдетиме ылайык билген эмесмин. Прокуратура органдары кылмышты ачпайт, бул үчүн Баш мыйзамда көрсөтүлгөн органдар бар" деп кутулган. Бул кандуу кылмышты ачуу, болгондо да бурмалабай ачуу Ички иштер министрлигинин, анын башында турган Молдомуса Конгантиевдин милдети болчу.
2009-жылы декабрда Кыргыз журналисти Геннадий Павлюк көп кабаттуу үйдөн колу-буту байланган абалда ыргытылып, бир апта эсине келе албай жатып, көз жумган. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк өлтүрүлөрдүн алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн. Ушул эле 2009-жылы «Репортёр Бишкек» гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз адамдар сабап, денесинин 22 жерине бычак сайып кетишкен. Ал учурда чет өлкөдө жашайт.
Бул окуялардын кыска хронологиясы "Бакиевдик кандуу режимдин" соңку мезгилине туш келген эң катаал 2009-жылынан гана берилди. Бирок мына ошол режимге каршы айыгышкыс күрөшкөн күчтүн айрым өкүлдөрү башка жээкке ооп кеткенин өз комментарийлеринде билдирип коюшту. Алсак, Жогорку Кеңештин оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышын туура деп эсептейт.
Конгантиевди актоо менен бийлик дагы кимдерди кечирген жатат? Элчи? Эл ошол кандуу окуяларды унуттум дедиби?..