Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Бакиевди баары сатканда Конгантиев саткан эмес"

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын "Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикири.

Шыкмаматовдун пикиринде Молдомуса Конгантиевдин ишинин кыскартылышы туура эле болгон.

"Конгантиев 2010-жылы 7-апрелде Таласта болгон, муну баары билет. Конгантиев ал учурда өзү жабыр тарткан. Таласта милиция элге ок аткан эмес да, бирок жалпы бийликке нааразы болгон эл күчүн Конгантиевден чыгарышкан. Менин оюмча, Конгантиевдин ишинин кыскартылышы туура эле болду.

Эң негизгиси, Конгантиев эл арасында, керек болсо, таластыктардын арасында да сый-урматка ээ. Бакиевди баары сатып кеткен учурда Конгантиев жана саналуу эле киши саткан эмес. Кыргыз жеринде андай генерал, андай мүнөздөгү адамдар сейрек кездешет. 7-апрелде окту ИИМ аткан эмес, Мамлекеттик күзөт кызматы аткан, аткандардын баары түрмөдө жатышат", - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Алга Кылычов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан