5-июлда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде биринчи жолу абитуриенттер үчүн көргөзмө-жарманкеси болот. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өткөрүлө турган бул иш-чарада өлкөнүн бардык жогорку окуу жайлары катышмакчы. Жарманкенин максаты – жаштардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана аларга туура кесип тандоого жол көрсөтүп берүү. Ошондой эле бул иш-чара бир жерден, бир эле убакта абитуриенттер өздөрү каалаган жогорку окуу жайы тууралуу толук маалымат ала алышат.