Орусиянын Таганск районунда полиция кармаган Кыргыз мигранттары бошотулууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчисинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда он Кыргыз жараны бошотула элек.
"Бул кырдаал боюнча Элчиликтин кызматкери Орусиянын Ички иштер министрлигинин Таганск районунундагы башкармалыгында болду. Кармалган Кыргыз жарандары бошотулууда, азырынча он жаран калды. Жарандардын документтери, анын ичинде каттоосу тыкыр текшерилүүдө. Бирок эч кандай депортация кылуу же айып пул салуу болгон жок", - деди Байымбетова.
Эске салсак, Орусиянын Таганск районунда полиция кызматы Кыргыз мигранттарын кармап райондук полиция бөлүмүнө жеткирип жатканын Орусияда иштеген айрым Кыргыз жарандары социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчалары аркылуу таратышкан. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзамга кол коюп, мыйзам 8-июлда күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар иштеген жерине эмес, жашаган жери аркылуу гана каттоого туруусу зарыл деп айтылган.