Калктын аярлуу катмары ала турган жөлөк пулдардын өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Социалдык фонд иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте "Баатыр эне" статусун алгандардын жөлөк пулуна кошумча 5000 сом төлөм берүү каралган. Ата-энесинин биринен айрылган балдардын жөлөк пулун 5000 сомго, ал эми экөөнөн тең айрылган балдардыкын 8000 сомго көтөрүү сунушталат.
I топтогу майыптыгы барлардын жөлөк пулу 9500 сомдон кем эмес, III топтогу майыптыгы барлардыкы 5000 сомдон аз болбошу шарт. Долбоордо аскер кызматын өтөп жатып майып болгон жарандардын жөлөк пулунун эң төмөнкү көрсөткүчүн 12 300 сомго жеткирүү каралган. Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын жөлөк пулуна ай сайын 1000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр берилүүгө тийиш болмокчу.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, анда бул тартип 1-январдан баштап күчүнө кирет.