Чүй облусунун Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зордуктоо кечээ, 10-июль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында катталган.
"Зордуктоо фактысы катталды. Бул окуя боюнча Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда Сокулук райондук милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнү кармоо иштери жүрүүдө. Шектүү кармала электигине байланыштуу жана жабырлануучу жашы жете элек өспүрүм болгондуктан толук маалымат азырынча берилбейт", - деди маалымат катчы.