Осмонбек Артыкбаев: "ГЭСтерде 1 кВт электр энергиясы 16,45 тыйындан өндүрүлөт"

Бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев ГЭСтерде 1 кВт электр энергиясы 16,45 тыйындан өндүрүлөрүн билдирди. Айтымында, бөлүштүрүүчү компанияларга келгенде 1 кВт электр энергиясынын баасы 46,8 тыйынга жетет. Ал эми бул компаниялар 1 кВт электр энергиясын калкка 70 тыйындан сатышат. “Ошондой эле 10 000 кВт электр энергиясын пайдалангандар үчүн 5000 сом, 200 кВт электр энергиясын колдонгондорго 100 сом субсидия берилет. Бул адилетсиз көрүнүш”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан