Белгилүү болгондой, бизнесвумендердин сап башында "ABC Supply" компаниясынын негиздөөчүсү Диана Хендрикс турат. Ал бир жыл аралыгында 5 миллиард долларга жакын каражат тапкан. Андан кийинки орунда жылдык кирешеси 4 миллиард 300 миллион долларды түзгөн "Little Caesars Pizza" тамактануучу түйүнүнүн түптөөчүлөрүнүн бири Мариан Илитч жайгашкан. Ошондой эле алдыңкы үчтүктөн "Epic Systems" компаниясынын директору Жуди Фолкнер орун алган. Анын жылдык кирешеси 3 миллиард 500 миллион долларга жеткен.
Журналдын эсептөөсү боюнча жеке ишкер айымдардын ичинен 24ү миллиардер болуп эсептелет. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогорулаган. Тагыраагы, мурунку жылы миллиардер айымдардын саны 18 болгон.