11-июль күнү саат 21:34тө Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары жана Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 баллга сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.