"Татьянин день" телесериалындагы кара чачтуу Таня эсиңиздеби?! Бүгүн дал ошол сериал аркылуу элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон орусиялык актриса Анна Снаткина 35 жашка толду. Ал 1983-жылы 13-июлда Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй авиакуруучулардан болушкандыктан, Анна бала чагында бир топ кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. 6-класска чейин Тушино районунда бир бөлмөлүү батирде турушчу.Сиңдиси Маша ошол учурда төрөлүп, жаткырганга орун жок болгондуктан, столдун үстүндө уктачу экен. Анна он бир жашка толгондон кийин гана өзүнчө чоңураак батирге көчүп кетишкен. Кыйналып жашагандарына карабастан атасы Аннаны 4 жашынан баштап спорттун алгач гимнастика бөлүмүнө, кийинчерээк аэробика бөлүмүнө машыгууга берет.
Ошентип балалыгынын 13 жылын спортко арнаган. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт Аннанын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берди. Актриса бош убактысында гана ден соолукка пайдалуу гимнастика менен машыгып, фитнес клубдарга, сауналарга барууну жактырат.
Атактуу актриса болуу жөнүндө Анна 2-классында Уитни Хьюстондун катышуусундагы ”Телохранитель” аттуу фильмди көргөндөн кийин эле кыялдана баштаган. 8-классты аяктагандан кийин кыялын чындыкка айландыруу максатында театр багытына кадам таштайт. Дене тарбия окуу жайына тапшырат деп ишенген ата-энеси кызынын бул жоругуна алгач таптакыр каршы болушкан.
Анткени ошол учурда эле Анна мектеп окуучусу болгонуна карабастан кичинекей балдарга аэробикадан машыктыруучу болуп да эмгектенчү. Театрга жана киного болгон кызыгуусу артып, алгач искусстводон курстарга катышып жүргөн болсо, кийинчерээк кинематография институтунан билим алган.
Мындай атак-даңкка жеткенге чейин студент кезинде дагы бир топ кыйынчылыктарды көргөн. Стипендиясынын акчасына жашоого мүмкүн болбогондуктан, ошол кезде эле талантын тастыктап журналдарга сүрөткө түшчү экен жана мындан биринчи ирет 300 рубль гонорар алган. Андан тышкары, оор турмуштун айынан бир кездерде кассета сатып иштегенге да туура келген.
Экинчи курстун аягында болсо Аннага “Московская сага” сериалындагы Е.Градованын ролун аткаруу сунушу түшкөн. Мындан көп узабай эле 2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы “Обреченная стать звездой” телесериалында Женя Азарина болуп, популярдуулуктун чокусун багындырат.
Андан тышкары, “Вызов” (Катя), “Аэропорт” (Маша Снегирева), “Боец” (Виктория Варшавская), “Я не вернусь” (Катя, Маша эгиз кыздар) кинолорунда баш каармандардын ролун жараткан. Анна Снаткинанын бир гана көп сериялуу кинолордон эмес, чоң тасмалардан да тажрыйбасы бар.
Алсак, өзү кичинекейинен эле кыялданган Наталья Гончарованы “Дуэль и смерть Пушкина” фильминде роль аткарган. Кинонун режиссёру Бондарчук Аннанын баш каарманга окшош экенин байкап, өзү чакырган эле. Ошентсе да келбетин өзгөртүүгө туура келип, 10 килограммга арыктаган экен.
Анна Снаткинаны көпчүлүк "Татьянин день" сериалынан кийин жакшы таанып калган.
2016-жылдын сентябрь айында актриса "Единая Россия" партиясынын атынан Мамлекеттик думанын 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2012-жылдын октябрында актёр жана шоумен Виктор Васильевге турмушка чыккан. Азыркы учурда түгөйлөрдүн ортосунда 1 кызы бар.
13-июлга карата жылнаама.