Өлкөнүн бардык аймагында жайгашкан кен байлыктын 20 түрүн өндүрүп, өндүрүлгөн продукцияларды сата турган болсок 83 миллиард доллар өлкө казынасына киреше түшмөк. Мындай пикирди Тоо-кен өнөр жай жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын пикиринде, алтын менен алюминийди өндүрүү менен эле 30 миллиард доллар киреше табууга болот.
“Бизде өлкөнүн бардык аймагында кен байлыктын запасы бар. Инвесторлорду тартып, кен байлыктарды туура иштетсек, өлкө казынасына киреше табууга болот. Мисалы, аймактар боюнча алып карай турган болсок, Ысык-Көл облусунан 9 миллиарддын тегерегинде;
Талас облусунан 1 миллард 500 миллион доллар;
Чүй облусунан 1 миллиард 800 миллион доллар,
Жалал-Абад облусунан 9 милларддын тегерегинде;
Нарын облусунан 25 миллиард доллардын тегерегинде, ал эми борбордон алыс жайгашып, өнүгүү жагынан артта калып жатат деген Баткен облусунан 38 миллиард доллардын тегерегинде киреше табууга болот. Баткен облусунда башка аймактарга караганда кен өндүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп”, - деди адис.
Айта кетсек, тоо-кен тармагы боюнча адистер өлкө аймагында кен байлыктар көп болгону менен Кумтөрдөн башкасынын бардыгы иштетилбей, кен иштетүү тармагы киризисте турганын айтып, кен байлыктарды ишке киргизүүнүн эч кандай стратегиясы да, тактикасы да жок деп сындап келишет.