3 күн мурун дайынсыз болуп табылган Бишкек шаарынын 62 жаштагы тургуну кайрадан изделүүдө

Бишкек шаарынын 62 жаштагы тургуну Бакиров Шермамат Бакировичке туугандары издөө салат. Ал ушул жылдын 11-июлунда саат 10:00 чамасында Бишкек шаарындагы Бакаев 132 дарегинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, кашы, көзү кара, чачы ак баскан. Кийген кийимдери: сүрөттөгү боз түстөгү баш кийим, боз түстөгү көйнөк, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара кайыш бут кийим кийип жүргөн.

Изделип жаткан жаран микроинсульттан кийин амнезия дарты менен жабыркайт. Аксап басат, сөздөрдү жакшы түшүндүрө албайт. Ал ошол күнү небересин үйүнөн кубалап, өзү чыгып кеткен. Шермамат Бакиров Тыналиев көчөсүнөн Түштүк магистралды көздөй бет алган.

Эгер аны кимдир бирөө көрүп-билген болсо же маалыматы бар болсо, (0779) 536-171 же (0771) 542-996 байланышып коюусун туугандары суранышат.

Белгилей кетсек, изделип жаткан жаран буга чейин дагы дайынсыз болуп 9-июлда табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dalil
2018-07-12 12:13:45
Сүрөтү жок кантип табышабыз?
0
aidinaernur
2018-07-12 12:24:47
Суроту турат го
+1
Dalil
2018-07-12 12:30:10
aidinaernur, мен сурагандан кийин коюптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан