Чүйдө 15 жаштагы кыз 3 күндөн бери дайынсыз болууда

Чүй облусунда 15 жаштагы кыз 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Аламүдүн РИИБинин издөө бөлүмүнөн SUPER.KG'ге 12-июлда кабарлашкандай, Таш-Дөбө айылынын 2003-жылы туулган Айназик Жыргалбекова аттуу тургуну 9-июлда Кашка-Суу көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы тармал, кара түстө.
Үйдөн чыгып баратканда үстүнө кара түстөгү майка, астына ак түстөгү спорттук шым, бутуна ак түстөгү спорттук бут кийим кийип чыгып кеткен.

Эгерде Айназик Жыргалбекованы көргөн-билгендер болсо, Аламүдүн РИИБинин 0312 36 35 27, 0700 67 55 56, 0700 20 96 66, 0550 51 09 05, 102 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан