Иса Өмүркулов: “Жалпылап айтканда, кышка даярбыз”

Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык кеңешинде мэр Иса Өмүркуловдун отчётун угуу учурунда, “Бишкек шаары кышка даярбы? ЖЭБ 1ди мэриянын карамагына алса болбойбу?”- деп суроо берди шаардык кеңештин депутаты Лев Васильев. Бул олуттуу маселе экендигин айткан Өмүркулов, ЖЭБ-1ди мэриянын карамагына өткөрүү үчүн аны каржылоо маселеси чечилиши керек экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө аны каржылоо үчүн 3,5-4 миллиард сом талап кылынат. “Даярдыкты баштадык. Жылуулук берүү түйүндөрү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Муну менен шаардын бюджети жылуулук берүү түйүндөрүнө 70 миллион сом карыз болду. Жалпылап айтканда, кышка даярбыз”,- деди шаар башчысы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан