Баткенде 16 жаштагы кызын зордуктаган адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 4-августунда Баткен шаарынын тургуну К.А. милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2015-жылдын апрель айында 16 жаштагы Д.Г. аттуу кызды М.Д. аттуу 45 жаштагы атасы зордуктаганын билдирген.
Баткен облусунда 16 жаштагы кызын зордуктап жүрүп, кызы кош бойлуу болуп калганда Орусияга качып кеткен жаранга мамлекет аралык издөө жарыяланган болчу. Ичкииштер министрлигинин басма сөз кызматы окуя 2015-жылы болгонун билдирген. Анда аялы ооруп, шаарга 2 айга дарыланганга кеткенде 1973-жылы туулган жаран 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, Орусияга чыгып кеткен.
Издөөдө жүргөн жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Бирок шектүүнүн жүргөн жери белгисиз болгондуктан, 2016-жылдын 16-августунда сырттан айыбы угузулуп, айыпкерге карата Баткен райондук соту тарабынан сырттан камакка алуу түрү тандалып, издөө иши жарыяланган. Ал эми эл аралык издөөдө жүргөн айыпкер М.Д. Орусиядан кармалып, Кыргыз Республикасына ушул жылдын 27-мартында алып келинген. Учурда тергөө иши аяктап, 129-берене менен айыбы угузулуп, кылмыш иши Баткен райондук сотунун кароосуна жиберилген.
2018-жылдын 28-май күнү Баткен райондук соту М.Д. аттуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучу тарап чечим менен макул эместигин билдирип Баткен облустук сотуна кайрылган. 2018-жылдын 5-июлунда Баткен облусунун соттук коллегиясы райондук соттун чечимин өзгөртүп М.Д. аттуу айыпталуучуну 20 жылга эркинен ажыраткан. Күнөөлүү деп табылган жаран жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленди.