Астротөлгө: 14-июль күнү кесипкөй, ишине берилген адамдар төрөлөбү?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

14-июль күнү кайраттуу, алдыга койгон максатына жете билген күчтүү адамдар төрөлөт. Бул күнү төрөлгөн адамдар сөзгө чебер келип, бейтааныш адамдар менен оңой эле тил табышып кетүүгө жөндөмдүү келишет. Булар башка адамдарга өзү жөнүндө көп айтпай, тескерисинче, алар тууралуу бардыгын билип алат. Бул күнү төрөлгөндөрдөн жакшы психолог чыгат десек жаңылышпайбыз. Анткени адамдар менен мамиле курууда ишемдүүлүгүн көрсөтүп, кыйынчылык учурда аларга мыкты кеңешчи боло алат. Бул күнү төрөлгөн бөйөндөр көңүл чордонунда болууну жактырышат.

Жеке мамиледе эркин, туруктуу жана ишенимдүү болууга умтулушат. Буларга көз каранды болууга караганда ишенимдүүлүк менен берилгендик көбүрөөк маанилүү. Анткени аябагандай камкор, романтикалуу маанай узак мөөнөттүү мамиле курууда күмөн саноону пайда кылышы мүмкүн деп эсептешет. Бул күнү төрөлгөн бөйөндөр өз бактысын чаян, бийкеч, текечер жана балык жылдызынын алдында төрөлгөндөрдөн таба алышат. Ал эми кой, эгиздер, бөйөн, жаачы жана суу куйду жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар менен эч качан тил табыша алышпайт.

Бул күнү төрөлгөн адамдар абдан кесипкөй болушат. Кандай гана иш болбосун анын майын чыгара жасап, иштин өтөөсүнө чыга алышат. Көпчүлүк учурда устат, насаатчы болгонду жактырышат. Дайыма өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүүдөн баш тартышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан