Шаардык кеңеш мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Акыркы сөз премьер-министрде

Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Анда мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселеси каралды.

Шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов билдиргендей, шаардык кеңештин бардык фракциялары мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча сунуштарын беришкен. Анын айтымында, мындай чечимди кабыл алууга учурдагы болуп жаткан окуялар себеп болду.

Эске салсак, биринчи вице-мэр Ринат Макенов Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелип, 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.

Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө болот. Ошондо мэрди кызматтан кетирүү үчүн 45 депутаттын 30у ишеним көрсөтпөөгө добуш бериши керек.

Жыйын саат 9:00дө башталмак.

9:19. Жыйынга депутаттар чогула элек.

9:30. Залда журналисттер гана отурат. Жыйын баштала элек, бир дагы депутат, мэриянын жетекчилери, кызматкерлери келе элек.

9:37. Депутаттар башка кабинетте чогулуп жатканын шаардык кеңештин басма сөз катчысы билдирди. Анын айтымында, учурда 38 депутат чогулду.

10:02. Депутаттар жыйынга чогула баштады. 36 депутат келди.

10:08. Кезексиз жыйын ачык деп жарыяланып, Кыргыз Республикасынын гимни аткарылууда.

10:11. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Асел Кулумбаеванын мандаты жаңы депутат Чыңгыз Жумалиевге тапшырылды. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жаңы депутаттын ишине ийгиликтерди каалады.

10:16. Жыйындын күн тартиби бекитилди. Күн тартипте бир гана маселе каралган. Анда фракция лидерлери кайрылуу жасайт.

10:20. Алмаз Кененбаев мэр Албек Ибраимов эмнеге жыйынга келбегенин сурады. Вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев мэр эмгек өргүүсүнө кеткенин айтты. "Эки күндөн бери мэрдин милдетин аткарып жатам. Толук маалымат бере албай калсам адистер жооп берет", - деди вице-мэр.

10:26. Депутат Рыспай Аматов мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө сунушун киргизди. Бул маселени кароого депутаттар макул болду.

10:27. Депутаттар мэрге ишеним көрсөтпөө үчүн даярданууга 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

10:58. "Мэр Албек Ибраимов шаардын иши күчөп жатканда эмгек өргүүгө чыгып кеткени туура эмес" деп журналисттерге Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жумадан бери Албек Ибраимовду көргөн эмес. "Биз КСДП фракциясы Ибраимовду колдоп, мэрликке сунуштаганбыз. Жоопкерчилик менен шайлаганбыз. Шаарда азыркыдай кырдаал болуп жатканда абдан жаман абалга алып келбесин деп ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алууну чечтик. Биринчи вице-мэр Ринат Макенов камакка алынганда жумушун таштап эмгек өргүүгө кетип калганы туура эмес", - деди ал.

11:05. Кезексиз жыйын уланууда.

11:09. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэрге ишеним көрсөтпөөнү бир гана Рыспай Аматов эмес, жалпы депутаттар сунуштаганын айтты.

11:10. Бюллетендерди даярдоо үчүн кайрадан 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

11:54. Шаардык кеңештин кезексиз жыйыны уланууда. Учурда добуш берүүгө даярдыктар көрүлүүдө. 45 бюллетень даярдалганы айтылды.

11:59. Депутаттар мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берип баштады. Добуш берүү жашыруун өтүп жатат.

12:16. Шаардык кеңештин депутаттары добуш берип бүтүштү. Жалпы 40 депутат добуш берди. Бюллетендерди саноо иши жүрүп жатат.

12:20. Мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча 40 депутат "макул" деп добуш берди. "Каршы" деп эч ким добуш берген жок. Шаардык кеңеш мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.

“Борбор калаанын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан мэрге ишеним көрсөтүлбөгөн учурда премьер-министр аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же шаардык кеңештин чечимине каршы болууга укуктуу.

Шаардык кеңеш мэрге кайра ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алса, 3 айдын ичинде премьер-министр аны ээлеген кызматынан бошотот.

12:27. Депутат Рыспай Аматов төрагадан мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча фракциялардын сунушун окуп коюуну суранды. Алмаз Кененбаев фракциячылардын чечимин окуду.

12:30. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев депутаттардын каникулун токтотууну сунуштады. Ал кышка карата даярдык көрүү керектигин айтты.

12:33. Аталган фракциядан депутат Канатбек Мүзүралиев Албек Ибраимовдун ишине эл баасын бериши керектиги токтотулду. Ал мэрдин милдетин аткарып жаткан Бакытбек Дүйшембиевге шаардыктар үчүн эшикти ачып коюу зарыл экенин билдирди. Ошону менен катар эле Мүзүралиев депутаттарга жыйынга келип бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

12:36. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу эми келе турган мэрди жакшылап шайлап алуу зарылдыгын айтты. "Партияларга бөлүнбөй жакшы мэрди бирдиктүү шайлап алалы", - дейт Коргонбай уулу.

12:43. Жусуп Коргонбай уулу Албек Ибраимов кайсы жакта жүргөнүн сурады. Алмаз Кененбаев ага чакыруу берилгенин айтты.

12:47. Депутаттар каникулу жок иштөө боюнча чечим кабыл алды.

12:48. Кыргыз Республикасынын гимни аткарылып, жыйын жабык деп жарыяланды.

Мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимине добуш берүү (3-бөлүк)

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү (2-бөлүк)


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү (1-бөлүк)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан