Жети-өгүздүктөр кайрадан "Кумтөргө" барчу жолду тособуз дешүүдө

Жети-Өгүз районунун тургундары жакын арада "Кумтөр" маселеси чечилбесе, кайрадан аталган алтын кенине барчу жолду тособуз дешүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Айта кетсек, бүгүн, 27-июнда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында митинг өтүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары, өкмөт өкүлдөрү катышып жатат.  КРнын коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов элди сабырдуулукка чакырып, өкмөткө мөөнөт берүүнү айтты. Бирок чогулгандар бул сунушка нааразычылык билдиришүүдө. Чогулгандардын ичинен бир аял "депутат Эркингүл Иманкожоева бул жерге келип май айындагы Жети-Өгүз окуясында айткан туура эмес сөздөрү үчүн жооп берсин" деп ызы-чуу салды. Митингдин уюштуруучулары аны чагымчыл аракеттери үчүн сыртка чыгарууга аракет кылышты эле, чогулгандар токтотуп калышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан