Башкы прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Башкы прокуратура өзүнө өткөрүп алган.
“2010-жылы Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин кыскарышы учурда изилденип жатат. Кылмыш иштин кыскарышы боюнча чечимдин мыйзамдуулугуна карата баа иликтөө аяктаганда берилет”, - деп жазылат билдирүүдө.
Айта кетсек, 12-июлда Талас облусунда президент Сооронбай Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан.
Ал эми мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп УКМК тарабынан кыскартылган.