Режиссёр Эрнест Абдыжапаров коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдырахманов тууралуу тарыхый тасма тартат

Режиссёр Эрнест Абдыжапаров коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдырахманов тууралуу тарыхый тасма тартат. Бул тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Мен Шабдан Баатыр тууралуу документалдуу тасма тартарда тарыхый маалыматтарды издедим. Ошондо Жусуп Абдырахманов тууралуу аябай кызыктуу маалыматтарды таап, көңүлүмө түйүп койгом. Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ушул инсан тууралуу тасма тартылса жакшы болот деп ойлоп койгом. Жаз мезгилинде тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев коомдук-саясий ишмер тууралуу тасма тартууга сынак жарыяланганын айтып, "биз дагы сценарий жазып катышалы" деп сунуштап калды. Көрсө тасманын сценарийи эчак эле жазылган экен. Болгону фильмди тарта турган режиссёрлорго сынак жарыялаптыр. Ар бир режиссёрлор өзүбүздүн көз карашыбыз менен бөлүштүк. Геннадий Базаров, Садык Шер-Нияз жана башка белгилүү сценаристтер, режиссёрлор калыстык кылышып, менин пикиримди жактырыптыр. Учурда фильмди тартуу иштери качан башталары белгисиз", - дейт Абдыжапаров.

Белгилей кетсек, аталган сынакка жалпысынан 8 режиссёр катышкан. Алар: Бакыт Турдубаев, Бекболот Айдаралиев, Эрнест Абдыжапаров, Нурлан Абдыкадыров, Нурбек Боркошев, Нуркамиль Курманкулов, Руслан Машрапов жана Замир Эралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан