Ысык-Көлдө өтүп жаткан этнофестивалда бүркүт 10 жаштагы кызга кол салды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда өтүп жаткан этнофестивалда бүркүт 10 жаштагы кызга кол салды. Бул тууралуу режиссёр Эрнест Абдыжапаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Окуя бүгүн, 15-июлда болду. Бүркүт кол салган кыз этнофестивалды уюштуруучу топ менен келген, тагыраагы, уюштуруучунун сиңдиси болот. Ал фестиваль башталгандан тарта эле биз менен жүргөн. Бүгүн бүркүт учуруу оюну болуп жатканда кыз кокусунан эле талаага чыга калган. Мындан улам бүркүт дароо кызга кол салган. Кыз бетин жаап калганга үлгүргөн. Биз дароо эле кызды аймактагы ооруканага алып бардык. Кыздын желкеси, далысы сыйрылган экен. Дарыгерлер жаракат алган жерлерин медициналык каражаттар менен жууп, тазалагандан кийин кыз үйүнө кетти. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык", - дейт режиссёр.

Этнофестивалда бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-07-15 15:28:17
Сактыкта кордук жок, жакшылап конул бурбайт беле,дагы жакшы бетин жапканга жетишиптир, болбосо эмнелер болуп кетмек
+5
Pandora
2018-07-15 15:53:49
Жакшы кыхдын бети козун кудай сактаптыр
+6
Dembele84
2018-07-15 16:38:29
Pandora,кыхын жакшы экен )))
-9
Totyua.71.
2018-07-15 18:35:55
Дагы жакшы көзүн чокуп албаптыр,кудай чоң сактаптыр...!
+6
Kunbeken
2018-07-16 14:40:11
опасный го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан