Тоолорго, мөңгүлөргө лицензия берилип, алар сатылып жатыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди. Айтымында, тоолор, мөңгүлөр арзан баада сатылып жатыптыр. “Бир жерде конокто отурсак бир чет өлкөлүк жаран айтты, Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сатылып жатат деп. Бул маселени тактоо керек. Ким сатып жатканын текшерүү керек. Биз мөңгүлөрүбүз, тоолорубуз менен сыймыктанабыз”,- деди эл өкүлү.