Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн Гран-При мелдешинде жеңүүчү аталды

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн Гран-При мелдешинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мадрид шаарында өткөн мелдеште Кыргыз Республикасынан 2 спортчу катышкан. Анда Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшсө, 53 килограммга чейинки салмак ченинде Мадина Надирова өзүн сынап көрдү.

Айсулуу Тыныбекова мелдештин жүрүшүндө алгач Орусиянын спортчусун, жарым финалда жана финалда казакстандык балбандарды утуп, алтын байгени жеңип алды. Ал эми Мадина Надирова жеңилүү ызасын тартып, медалга илешкен жок.

Эске салсак, буга чейин Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн эл аралык мелдеште коло медалды тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
haydarkan
2018-07-16 17:54:53
Ваай красавица.кутуктайбыз. жалан гана ийгиликтерди багынт алдыда.
+6
Karasuu27
2018-07-16 18:15:02
Жаным десе ийгиликтер коштоп олимпиада чемпиону болосун иншаАллах .
+4
Aigerim.baxa
2018-07-16 18:15:06
Айсулуу Азаматсын. 1 жыл ичинде ушунча ийгиликтерге жетуу анча мынча адамдын колунан келе бербейт. Ийгилик сага Аялдык бакыт каалайм
+7
Aiba__95
2018-07-16 19:07:08
Азаматсыз копчулук эркектерге караганда эркегираак экенсиз
+4
madina.87
2018-07-16 19:25:18
Азамат кыз!!Биздин Кыргызстандын сыймыгысың.
Сени менен сыймыктанабыз.
+4
Meni_unut
2018-07-16 20:29:41
Урааа!!!! Айсулуу алга
+4
Patoshik1
2018-07-16 23:32:25
о маладец, пачагыны чыгарып келипсин
0
kenje-888
2018-07-17 09:36:27
Айсулуу карьеранын майын чыгардын багын ачылып бактылуу, бир жакшы жигиттин жубайы бол! аялдык бакыт каалайм балалуу болуп бажырап ийгиликтин узурун кор синдим.
+1
Modric10
2018-07-17 10:19:16
таазим кылам ушул кызыбыз барына шугур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан