"Заманбап суу эсептегичтер орнотулган жерден суу чыгып, жайкысын жагымсыз жыт чыгууда" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Жалал-Абад суу канал" башкармалыгы шаардын көчөлөрүнө заманбап суу эсептегичтерди коюп жатат. Шаардын Матросов көчөсүнө жолду казып, жаңы суу түтүктөрүн орнотушту. Түтүктөр орнотулгандан кийин жолду түздөбөстөн эле эптеп көмүп коюшту. Мунусу аз келгенсип, жаңы эсептегичтер орнотулган тосмонун түбүнөн суу агып, күн ысыгында суудан жагымсыз жыт чыгып, көчөнүн тургундарына ыңгайсыздык жаратууда", - дейт окурман.
Окурман тийиштүү мекемелер өз жумушун так аткарбай, тургундарга ыңгайсыз абал жаратып жатканына нааразы.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.