Индияда болгон суу каптоолордо каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан Индияда 1000ден ашуун адам каза болгон. Ошондой эле алардын саны мындан да көп болушу айтылууда. Эске сала кетсек, 19-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Индиянын Уттаракханд жана Химачал-Прадеш штаттарын суу каптап, миңдеген жарандардын өмүрүн алып, олуттуу кыйроолорго алып келген.