Бүгүн 17-июль - Бүткүл дүйнөлүк быйтыкчалар күнү. Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен интернеттеги жазууларда адамдын ички дүйнөсүндө болуп жаткан бардык эмоцияларды, дегеле адамдын оюн толук жеткирүүдө көмөкчү болгон быйтыкчалардын күнү 2014-жылдан бери белгиленип келет.
"Эмодзи" - япон тилинен которгондо "сүрөттөгү сөз" дегенди түшүндүрөт. Бул 1990-жылы "NTT Docomo Шигета Курита" коммуникациялык компаниясынын кызматкерлери тарабынан пейджер үчүн иштелип чыккан. Убакыттын өтүшү менен быйтыкчалар уюлдук телефондорго көчүрүлүп смс-билдирүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү катары колдонула баштаган.
Бүгүнкү күндө виртуалдуу баарлашууда ар бир адам дал ушул быйтыкчалар аркылуу бүтүндөй эмоциясын жеткире алат. Азыркы мезгилде социалдык тармактарда быйтыкчалардын 1000ге жакын түрү колдонулуп, алар ар түрдүү категорияларга: "жаратылыш", "классикалык", "эмоциялуу", "Желектер", "Майрамга арналган", "көңүл ачуу", "спорт", "аба ырайы", "жаныбарлар дүйнөсү", "тамак-аш", "улуттар", "кесиптер", "планеталар", "жылдыз белгилер", "бөбөктөр" жана башкалар болуп бөлүнгөн.
Быйтыкчаларга арналган эстеликтер:
Адамдын маанайын көтөргөн бул быйтыкчалардын эстелиги Орусиянын Тула шаарына 2015-жылдын сентябрь айында коюлган.
Ал эми жылмаюу күнүнө арналып коюлган бул быйтыкчалардын эстелиги Англиянын Массачусетс штатында жайгашкан.
Ал эми бул эстелик "Акыркы быйтыкча" деп аталат. Бул атайын айдоочуларга рулду башкарып бара жатканда телефон колдонуу, айрыкча смс-билдирүү жазышуу кооптуу экенин эскертүү максатында орнотулган. Айдоочуларга арналган бул эстелик Майамиде жарнамалык агенттигинин имаратынын алдына коюлган.
Ал эми быйтыкчаларга арналган музей дагы бар. Ал жерде адамдардын көңүлүн көтөрүүчү түрдүү быйтыкчалардын экспонаттары орнотулган. Музейге барган адамдар жаркын маанайда эс алып кетишет. Бул музей Крым жарым аралынын Симферополь шаарында жайгашкан. Бул жерде бийиктиги 2 метрди түзгөн быйтыкчалардын 30 экспонаты орнотулган.
17-июлга карата жылнаама.