ЭЛДИК КАБАР: "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" дейт окурман

"Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" деген билдирүүнү окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын айтуусу боюнча, WhatsApp`тагы мугалимдердин группасы аркылуу атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалымат келген. Бул маалыматты Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №28-мектептин социалдык педагогу тараткан. Анда ал аялы каза болуп калган кошунасы өзүнүн 4 жаштагы кызын зордуктады деп шектенип жатканын жана окуя кандай болгондугу тууралуу жазган.

Ал өз билдирүүсүндө окуя 12-июль күнү болгонун, милиция кызматкерлерине кайрылганын, бирок милиция кызматкерлери окуяга өз көзү менен күбө болбогонуна байланыштуу 4 жашар кыздын атасын коё берип жиберишкенин жазган.

"Бул окуя азыркы тапта кызуу талкууга алынып жатат. Окуяны окуп алып тынчым кетти. Анткени менин дагы кыздарым бар, мен дагы энемин. Ушул окуяны тактап, тийиштүү органдар чара көрсө", - деп билдирген окурман.

Бул маселе боюнча SUPER.KG порталы жогоруда аталган мектептин социалдык педагогу З.Ш.ны таап, аны менен байланышканда төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Социалдык тармактагы группа аркылуу тарап жаткан маалыматты жазганым чын. Кошунамдын жубайы каза болуп калган. Ал 4 жашар кызы, карындашы менен чогуу турат. Кыз жакшы каралбайт. Бул окуяга чейин балкондо туруп деле "кызыңды кордогондон көрө, көчөдөгү сойку кыздарга барбайсыңбы" деп карындашынын кыйкырганын кошуна угуптур, бирок маани бербептир. Кошуналар деле буга чейин шекшип жүрүшүптүр, бирок эч нерсе айтышпаптыр. Азыркы тапта мен милицияга сурак берип жатам. Ал эми кыздын чоң апасы "сен жалган маалымат тараттың" деп мени сотко бергени жатат. Өзүм мугалим болуп туруп бул ишке кайдыгер карап тура алган жокмун. Тийиштүү органдар дыкат иликтөө жүргүзүп, туура жыйынтык чыгарат деп үмүттөнөм", - дейт мугалим.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nanei
2018-07-17 12:49:41
ОЗУ соц.педагог болсо,жанагы жаман созду даана угуптур ,анан кантип маани бербей коет ыя??? Ушундай да соц,педагог болобу??? Эми жаман иш жасалып калгандан кийин жарыя кылбай кое албадым дейт!!!
-6
evidens
2018-07-17 13:11:26
Nanei,эгер ошол соц. педагог жазып чыкпаганда буга окшогон дагы бир айбан билинбей журобермек.оз кызын кордоп,Алла коруп туратго баарын.
Жакшы текшеришсин эми
+9
jasgul
2018-07-17 14:23:44
Nanei,маани берип окуп туруп анан коментарий жазсанар тобба. Кошуна угуптур деп турат го. Жазат десе эле урдура бербей.
+6
turaliev
2018-07-17 13:04:57
Ала-тоо ХХХХХХХХХХ керек
+1
monster_high_98
2018-07-17 13:10:23
4 жашар кызды элестетип болбойт го,тобааа силерге ХХХ болсо эле болду экен да
0
bond02
2018-07-17 13:46:49
А эгер бул маалымат жалган болуп чыгып калса эмне болот?
0
Nevestkaa
2018-07-17 14:04:36
Адамдардан такыр ыйман кетти ,бизде бул көрүнүш сейрек кездешпей эле массалык түрдө болуп баштады (башкалар үчүн билбейм бирок мен үчүн өтө эле көп болуп жаткандай).Бизде мыйзам иштебейт,кылмыш кылат акча берет чыгып кетет.Эмне үчүн башка өлкөлөрдө мындай бузуктар аз да бизде күнүгө катталууда аларда тартип катуу.Ала качкандарга чара көргүчө педофилдерге өлүм жазасын же бычыш кк качанкыга чейин аруу таза наристелердин бүтүн жашоосу талкаланыш кк.Кудайым балдарыбызды жамандыктан коргосун ылайым.
+4
ksb
2018-07-17 23:51:36
Nevestkaa,туура айтасыз,өтө көп болуп жатат,бир айда жок дегенде 4-5 жолу угабыз ушундай жөнүндө,билинбей угулбай калгандары канча,Кудай билет.Ушунун баарын угуп көрүшүп эле бийликтегилер,укук коргоо органдары ээч бир аракет көрүшкөнү жок,мындай нерсе канчага чейин уланат??? Жетээр чегине жетип деле бүттү,жада калса коомдук туалеттерде жаш кыздарга кол салып жатышат педофилдер,закон чегинде катуу жазалап,кастрация кылып,катуу ыкмаларды колдонбосок мындай нерселер улана берет
0
Modric10
2018-07-17 14:48:07
жалган эле болуш керек.маалымат так эмес экен типа ушак
0
Matahara1980
2018-07-17 20:23:28
Ит ит ит
0
Matahara1980
2018-07-17 20:27:22
Кантип кызын зордуктайт , чирик, кантип жер которуп турат ушундай чириктерди , олуп калгыла акмактар
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-17 23:07:46
Мугалим эми сени жалган суйлөгөнуң учун сени туура эле сотко берсин ушакчы катын!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан