Акыйкатчы Турсунбек Акун Нарын шаардык сотунун төрагасына Батукаев боюнча бир нече жолу кат жолдогонун депутаттык комиссия айтып чыкты

2013-жылы акыйкатчы Турсунбек Акун Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго бир нече жолу кат жолдогон. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов билдирди. Айтымында, 9-апрелде жазылган катта мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин Кыргызстанда дарыланууга болбой тургандыгы жана сөзсүз чет мамлекеттен дарыланышы керектиги жазылган. Ал эми Нуркамил Мадалиев акыйкатчыдан бул каттар тууралуу жооп берүүсүн өтүндү. Өз кезегинде Турсунбек Акун дарыгерлердин көрсөтмөсү менен ушундай катты жолдогонун билдирди. “Мен ооруп жаткан адамдар тууралуу бир гана Батукаев боюнча эмес, Равшан Сабиров боюнча жана башка жарандар боюнча дагы 72 кат жолдогом. Батукаевдин оорусу тууралуу шашылыш билдирүү берип алганымды мойнума алам, бул боюнча мен сиздерден кечирим да сурагам”,- деди акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан