25 күндөн бери Чаткал суусунан изделип жаткан жарандын жансыз денеси Ташкенттен табылды

25 күндөн бери Чаткал суусунан изделип жаткан жарандын жансыз денеси Өзбекстандан суудан табылды. Бул тууралуу 17-июлда SUPER.KG порталына маркумдун аталаш агасы Канат Кудайкулов кабарлады.

"Инимдин жансыз денеси Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусуна караштуу Бостондук районунун Газалкент шаарынан табылды. Учурда сөөктү өлүк сактоочу жайдан Кыргыз жерине алып кетүүнүн аракетин көрүп жатабыз", - дейт маркумдун агасы.

Эскерте кетсек, 22-июнь күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургундары 23 жаштагы Э.Т. жана 1997-жылы туулган М.Т. Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес. ӨКМнын Чаткал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери 25-июнь күнү Ак-Таш айылындагы Чаткал дарыясынын жээгинен жогорудагы жарандардын документтерин жана өздүк буюмдарын табышкан.

1-июль күнү издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00дө 21 жаштагы М.Т. аттуу жарандын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми экинчи жаранды издөө иштери улантылып, бирок натыйжа чыкпай келген.

Буга чейин Канат Кудайкуловдун берген маалыматына караганда, ага-ини Сары-Челекке баруу үчүн жолго чыккан. Мындай маалыматты алардын достору билдиришкен.

"Бир туугандардын кичүүсү Сары-Челектеги сүйлөшкөн кызына бармак экен. Алар бул үчүн досторунан акча сурашыптыр. Ата-энесине болсо концертке барабыз деп үйдөн кечинде чыгып кетишкен экен. Унааны кичүүсү айдап бара жаткан окшойт. Себеби ал табылганда сынып кеткен мурунуна рулдун изи түшүп калыптыр. Анын денеси кечээ жерге берилди. Ал быйыл Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын 4-курсун аяктаган.

Мен ошол күнү саат 21:00 чамасында алар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө концертте жүрөбүз деп айтышкан. Унаа болсо уулусунуку болчу. Ал окууну аяктап, жумушка киргени жаткан. Издөө иштери улантылып жатат. Баарыбыз изделип жаткан иним аман-эсен табылса деп тилек кылуудабыз", - деп билдирген ага-ининин аталаш тууганы.

Ал эми ага-ини кырсыкка кабылган унаа дале табыла элек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurbek56
2018-07-17 15:34:37
Ошондо эмне болушкан машинасы кайда калган оздору тушконбу сууга же кандай тушунуктуурок жазсанар болмок
+2
admin_superstan
2018-07-17 16:08:33
nurbek56,
Саламатсызбы! Маалымат толукталды.
0
Mister_Ibragimov
2018-07-17 16:26:58
admin_superstan,кайсыл жерден окуй алабыз анда толугун?
0
admin_superstan
2018-07-17 17:33:59
Mister_Ibragimov, ушул кабар толукталды, жаңы маалыматтар болсо, Соңку кабар бөлүмүнө жарыяланып турат. https://www.super.kg/kabar/
0
Aikaaaa
2018-07-17 15:47:10
Ташкентте суудан табылганбы
0
Kuba-savai87
2018-07-17 16:22:35
Кээде аябай эле адабий тилде жазабыз деп маанисиз жазып коесунар
+3
jbolotov
2018-07-17 16:24:37
Э Аллах бейишинен орун бер жап жаш балдар экен, ата энесине сабыр бер.
+7
Miroslav
2018-07-17 17:41:52
Биринин туулган жылын жазып,экинчисинин жашын жазып кызыктуу болсун дединерби?болор иш болду,эмнесин жашырасынар паланча менен пустанча олду аварядан,олугу Ташкентке чейин агып барыптыр,туугандары алып келгени жоношуптур деп эле жазсанар.Эмне ушунчалык эле секретный маалымат беле,эске аласынар деп ойлойм супер пуперчилер.
+6
Babi.
2018-07-17 18:29:07
Тушунуксуз,документтери буюмдары суу жээгинде,оздору суудан табылды,машинасы болсо туп тамыры менен жок,бир нерсе болгон экоону тоноп машинаны угон кылышкан.
+4
Kymbatym
2018-07-18 09:36:15
Байкуштар бул жакта окуп отуруп кичүүсүнүн өлүгү табылды дегенде эми улуусу тирүү табылып калса экен деп ниет кылып аткам эх биз ойлогондой болбойт экенда Аллахым өз рахматыны алсын ата энесин тирүүлөй күйгүзүп кетишти го эми алар үчүн жашоонун эч кандай маңызы калбады ата эне үчүн баласынын өлүмүн көрүштөн өткөн оор нерсе жок өзү эки эле бир тууган деп жазылып жүргөн эх кыз пызы жок тынч эле жүрүшпөгөн экенда
+2
DNurgiza
2018-07-18 22:49:00
ЭГер машинасы менен сууга түшүп кеткен деген версия чыгарышса, ал таптакыр туура эмес, анткени документтери суунун жээгинен табылбайт эле да.......
0
Aidani
2018-07-20 18:55:04
Кврсыкка кабылган унаа табыла элек болсо мурдунун рулга изи тушконун кайдан билдинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан