Бүгүн, 27-июнда акыйкатчы Турсунбек Акун кызмат үчүн иштебестигин билдирди. Айтымында, акыйкатчы президентке, парламентке каршы чыкпайт. “Жаңы шайланган акыйкатчыны кетирем десеңер парламент бузулат. Ооруп жатсам чакырттыңар, парламентти сыйлагандыгым үчүн 13 саат жол жүрүп келдим. Мени кетирсеңер баары бир. Мен мышык сыяктуумун, ар дайым бутум менен түшөм. Мен ар дайым иштей берем, силерге кызмат кыла берем”,- деди акыйкатчы. Ал эми депутаттар парламент сыйлуу жер экендигин айтышып, токтоо жооп берүүнү суранышты.