Бүгүн, 18-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-күнү өтүп жатат. Анда балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.
Анда 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Калмурат Ибрагимов жарым финалда индиялык Малкит Хооданы 6:1 эсебинде утуп финалга аттанды. Ибрагимов буга чейин чейрек финалда таиланддык Хамхан Занават менен кездешип, кыйынчылыксыз 9:0 эсеби менен утуп алган. Эми финалда Ибрагимов казакстандык Мерей Бекенов менен беттешет.
Айта кетсек, буга чейин 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Азат Салидинов финалга өткөн.