"Туулган жерди сагынганда керек болсо булут да аны эстетип тургансыйт" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Туулган жерден алыста турмуштун арабасын түртүп, үй-бүлөсүн багайын деп чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин саны күн санап өсүп жаткандыгы өкүндүрөт. Алардын бири мекенине аман-эсен кайтса, бири туулган жерин көрүп, абасы менен дем албастан бөтөн жерде көз жумуп жатканына күн сайын күбө болуп жатабыз. Жумушка баратканда же келе жатканда ар кандай ойлор келип, мекениме болгон сагыныч, кусалык көөдөндү кысып, көзгө жаш айланган күндөр да болот. Ошондой күндөрдүн дагы бирөө кайталанып жумушка бара жаткан учурда көк мелжиген асманды карай койсом, ак пахта менен атайын тартып койгондой Кыргыз жерибиздин картасындай болгон булутту көрдүм. Чынында эле окшошпу же жөн гана мекенге болгон сагынычтын айынан мага ушундай көрүндүбү билбейм", - деген билдирүүсүн окурман жиберген.
Сүрөт Орусиянын Амур облусунда тартылганын окурман кошумчалаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.