"Mrs World Russia" эл аралык сулуулар сынагынын финалистинин жансыз денеси табылды

"Mrs World Russia" эл аралык сулуулар сынагынын катышуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя болгонго чейин Челябинск облусунун Кизильск районунда 29 жаштагы модель Ксения Мецгер өзүнүн "Scoda Octavia" унаасын сатып жаткандыгы тууралуу маалыматты жарыялаган. Модель 16-июль күнү унаасын алам деген кардар менен жолугууга кетип, кайтып келген эмес. Изилдөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси табылган.
Белгилүү болгондой, модель кыздын өлүмүнө шектелип унаа оңдоочу жайдын 24 жаштагы ээси кармалган. Азыркы тапта кылмышка шектүү деп кармалган жаран көрсөтмө берип, окуя иликтенүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-07-18 21:42:41
Менимче акчасына кызыккан
0
Krai
2018-07-20 07:01:22
Сулуулар финалистине коз тийген окшойт жакында эле биз да бир сулуубуздан айрылдык эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан