Москвада 3 Кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду

Бүгүн, 18-июлда Орусиянын Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 Кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, айдоочу катуу ылдамдыкта баратып унааны башкара албай, жол четиндеги электр-мамычасын сүзүп алган.

Учурда кырсыктан каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Такталган соң уруксат кагаздары даярдалып сөөктү туулуп өскөн айылына жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлөт. Мен азыр кырсык болгон аймактагы ички иштер бөлүмүнө баратам, кырсык боюнча иш козголуптур", - деди Кошматов.

Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы кырсык тууралуу маалымат келип түшкөнүн тастыктап, окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери тиешелүү документтерди даярдоо үчүн чыгып кеткенин кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ilgizk
2018-07-18 16:42:53
Кудай сакта
+5
Guljaina
2018-07-18 16:48:57
Эх Кыргызым.Жолдо кырылмай болдукго.Эсен аман уйубузго жетсек экен.
+8
haydarkan
2018-07-18 17:08:36
Кудай сактаа бейишинен берсин кудайым. Ташкен кочосу рязанский проспектего
+3
Majit1975
2018-07-18 17:16:30
haydarkan,волгаградскийде болсо керек
0
Tyty1990
2018-07-19 08:37:34
haydarkan,волгоградскийде Бишкекке жүк салган жерде. Рязанскийге чыгып кетсе да болот
0
Kymbatym
2018-07-18 17:50:21
Ии жаман болуптур сурагы жеңил болсун Аллахым өз рахматына алган болсун дагы бир шорду ата эненин балдары да эгер өзүбүздүн кыргыз улуту болсо өтө өкүнүчтүү
+4
Paprikafm
2018-07-18 18:19:55
Иий жүрөгүм ооруп бутту, эх кыргызым кыргызым
+3
Sagizgan
2018-07-18 18:56:37
Ташкентский Выхино жактабы ошондо? Волгоградка менен барган? Ужас Кудай сактасынчы. Сары машинаго такси окшойт бул дагы
+2
ArgenMers
2018-07-18 19:59:41
Sagizgan,
Ооба тахи
+2
surgeon777
2018-07-18 22:48:07
Бироо Жалал-Абадтан,экоо Ош облусунан экен,туугандары табылбай жатыптыр,экоо Россиянын жараны,бироо КРдыкы экен.
Жаткан жери жайлуу болушсун..
+1
boris8907
2018-07-19 10:20:26
surgeon777,озгондон мырзакеден болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан