Орусиялык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө Кыргыз паспортун берген кызматкерлер камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрлик издөөдө жүргөн орусиялык жаранга паспорт Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилгенин аныктаган.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын январь айында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Борис Матузный аттуу Орус жараны Испаниядан колго түшүрүлгөн. Кармалган кылмышкердин жанынан Кыргыз жаранына таандык паспорт табылган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында ал Кыргыз паспортун 2016-2017-жылдары жасалма ат менен алгандыгы аныкталган.
"Кыргыз жаранынын атын колдонуп жүргөн Орусиянын 1967-жылы туулган Борис Матузный аттуу жараны Орусиянын Приморск крайында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Ал адам өлтүрүүнү уюштурган деп айыпталып Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, паспорт чет өлкөлүк кылмышкерге мыйзамсыз түрдө Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун калкты каттоо жана паспорттоштуруу (паспорт менен камсыздоо) бөлүмүнөн берилген.