Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (мурдагы Каржы полициясы) кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү дипломдук ишин жактоодо Социология жана коомдук иштер кафедрасынын башчысы 400 доллар талап кылып жатканын айтып Каржы полициясына кайрылган.
“Бизге маалымат 11-июлда келип түшкөн. Келип түшкөн арыздын негизинде ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлүп, 14-июлда кафедра башчысы 27 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (кызматчылардын мыйзамсыз түрдө сыйлык алышы) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деди маалымат катчы.