ЭЛДИК КАБАР: "Кереметтүү көлүбүздүн баркына качан жетебиз?" дейт окурман

"Кереметтүү көлүбүздүн баркына качан жетебиз?" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Кыргыз жерибиздин бермети болгон, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жатып көңүлдү оорутарлык окуяга күбө болдум. Элдер эс алып, сууга түшүп жаткан жерден алыс эмес жерге жергиликтүү тургундардын бири келип аты менен кошо сууга түштү. Жөн гана сууга түшүп кетпестен атын ошол жерден жуунтту", - дейт окурман.

Чет элдик коноктор суктанып, көз артып жаткан байлыгыбыздын баркына жете билсек деген оюн окурман кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sabirdinovich
2018-07-19 12:58:10
Атын жуунтса эмне экен. Кыргыздар мурдатан эле атты суутуп, сууга жуундуруп чыйралтып таптап келген. Анын эмне жамандыгы бар. Андан көрө Ысык-көлгө адамдардын таштанды таштап, ажатканадан чыккан трубаларды суунун тереңине багыттап койгонунан кеп кылбайсыңбы?
+9
bond02
2018-07-19 13:04:22
Башка элдер ит мышыгын жуунтуп жатышпайбы, таза болуп кетесинер да тимеле. Жылкы таза болот.
+5
maks1980bishkek
2018-07-19 14:02:22
ушул көл кошуна мамлекеттердин биринде болгондо эмгиче анталия кылып салмак.орто азиянын бермети кылып коюшмак.ХХХХХХХХХ
+2
admin_superstan
2018-07-19 16:23:46
maks1980bishkek,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
0
Kg.paren
2018-07-19 14:15:39
походу биз онукпойт окшойбуз бирин кыргыздар мурдатан жуунтуп келген десенер биринер башкалар ит мышыгын жуунтат дейсинер сразу чукумай башталат проблем кантип чечишти ойлош керекко мурдатан жуунтса! аз андай заман мес чет элдик коноктор бар эл жок жерде жуунтса болотта эми аз башка заман эскини эстебей жанысын ойлош керек илгери кыргыздар деп илгерки бойдон калбай
+6
adiaza
2018-07-19 14:38:49
Пляжда туристтер иттерин деле сууга тушуруп жургонун кундо кором
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан