Ысык-Көл облусунда Суран жайлоосуна чагылган тушүп, 44 баш кой, 12 эчки өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-июль күнү саат 22:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл аймагындагы Суран жайлоосунда К.Солтоев аттуу жарандын короосуна чагылган түшүп, короосунда камалган 44 баш кой, 12 баш эчкиси өлгөн. ӨКМнын райондук бөлүм башчысы жана Түп районунун акиминин орун басары, Кутургу айылынын ветеринардык кызматынан 1 адам, райондук жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан 2 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам окуя болгон жерге барып, тийиштүү иш-аракеттерди кылышкан.