Депутаттар акыйкатчыга өз эрки менен кызматтан кетүүнү сунушташты
Депутат Урмат Аманбаева ЖКнын бүгүнкү, 27-июндагы
жыйынында акыйкатчыга өз эрки менен кызматтан кетүүнү сунуштады. “Ушул ишке
кармалбай эле эрдик көрсөтүп кете бербейсизби”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде
акыйкатчы абийирине доо кетип жаткандыгын айтты. “Бул иш мен үчүн абдан оор
нерсе. Мен 15 жыл бою кызматка жабышкан эмесмин. 15 жыл бою пикет, митингдерге
чыгып, элдин кызыкчылыгын ойлоп жүрдүм. Ушул кызматка шыгым бар болсо иштейин
да. Бул кызматтан жыргап кеткен жокмун. Ооруганыма карабай келдим”,- деди Акун.