Нарынбек Молдобаев: "Акыйкатчыны кызматтан бошотсоңор, ал чекеге чыккан чыйкан болот"

Бүгүн, 27-июнда ЖКнын жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан бошотуу туура эмес экендигин билдирди. Айтымында, өкмөт парламенттин Азиз Батукаев боюнча атайын комиссиясынын сунушу менен чыгарган токтомун  аткара элек. “Азиз Батукаевди акыйкатчы чыгардыбы? Кичине калыс болбойсуңарбы. Бул акыйкатчылык үчүн төрөлгөн жигит, мындай акыйкатчыны таппайсыңар. Ойлонгула. Эгерде акыйкатчыны кызматтан кетирсеңер, ал чекеңерге чыккан чыйкан болот. Турсунбек Акундун оозун эч ким жаба алган эмес. Акаев дагы, Бакиев дагы”,- деди эл өкүлү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан