Жарандык активист Алга Кылычов: "Бүгүнкү жыйынды уюштургандар президентти атайын аңга түртүп жаткандай элес калтырды"

SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Алга Кылычов жооп берди.

Ал президенттин ишмердүүлүгүнө каршылыгы жок экенин айтып, бирок бүгүнкү жыйынга чогулгандар тууралуу нааразычылыгын билдирди.

"Касапчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" деген сөз бар эмеспи. Албетте, сөзүмдү айтардын алдында президентибиз Сооронбай Шариповичтин ишмердүүлүгүнө жана өзүнө эч каршылыгым жок. Бирок коомчулуктун өкүлү болгонумдан кийин президентке коомчулуктун атынан өз үнүбүздү жеткирип коюуну туура көрдүм. Коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Бирок ошол коомчулуктун атынан дегендер кимдер? Бүгүнкү жыйынга чогулган адамдардын көбү демократияга жамынып алып, Кадыржан Батыров өңдүү сепаратисттердин жактоочулары, кандуу Бакиевдин режиминде чындап сөз эркиндиги муунуп, көптөгөн адам өлтүрүүлөр болуп турганда унчукпай кубаттап жүргөндөр чогулгандай элес калтырды. Жалаң батышчыл көз караштагы Орусияга каршы күчтөр жыйналып алгандай сезилди. Айтайын дегеним, алардын арасында өздөрүн сөз эркиндигин коргоо комитети деп атап алышкан Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбековду айтсак болот. Наргозуев Бакиевдердин жандай көргөн досу болуп "Ак Жол" партиясынан депутат болгон. Ал Медет Садыркулов жана Геннадий Павлюк мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканда "Ак Жолдо" үн катпай депутат болуп отурбады беле? Равшан Жээнбеков Аскар Акаевдин убагында, мамлекетибиздин мүлктөрү тонолуп жатканда Мүлк министрлигин башкарып жүргөнүн ким тана алат?

Ошондой эле бүгүнкү жыйынга чогулгандардын арасында грант аркылуу жанын баккан, жеген гранттарын актоо үчүн мамлекетибиздеги алгылыктуу иштерди каралап, "бизде демократия жок" деп кыйкырган адамдар отурат. Чындап мекени үчүн күйүп, мыйзамдуулукту туу туткан адамдар аз. Мисалы, өз жандарын аябай күч түзүмдөрү иштей албай турган учурда 2005-2010-жылдары талап-тоноону, улут аралык жаңжалдарды жоюуга өз салымдарын кошкон элдик кошуундардан түзүлгөн 17 коомдук уюмдардын бири да жок. Жаштардын атынан жаратмандыкты жаратып жаткан жаштар жок. Менин жеке пикирим боюнча, президенттин айланасындагы мындай иш-чараларды уюштуруп жаткан адамдар мамлекет башчыны атайын аңга түртүп жаткандай көрүнөт. Сөзүмдүн аягында айтарым, бүгүнкү жолугушуу гүлгө чогулган бок чымындардын жыйынындай элес калтырды", - деди Кылычов.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан