Казакстандык белгилүү муз үстүндөгү бийчи, "Сочи-2014" Олимпиадасында коло медаль тагынган Денис Тен киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгү уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тендин жамбаш жагына бычак сайган.
Ал бычактан алган жаракатынан улам Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Денис Тен 3 литрге жакын кан жоготкондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай каза болгон.
Белгилей кетсек, Денис Тен 1993-жылы 13-июнда Алматы шаарында төрөлгөн. Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Казакстандын муз үстүндө бийлөө боюнча 5 жолку чемпиону.
Денис Тендин улуту - корей. Ал Корея империясынын (1897-1910-жылдары өкүм сүргөн) белгилүү генералы Мин Гын Хонун урпактарынан болот.