Милиция Чүйдө жоголуп жаткан 14 жаштагы эки өспүрүмдү табууга жардам сурайт. Алар дос болгондуктан чогуу жүрүшү мүмкүн

Чүй облусунун Аламүдүн районунан 14 жаштагы эки өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Медербек Кубанычбек уулу 18-июль күнү өзү жашаган Октябрь айылынын Партсъезд көчөсүндөгү үйүнөн саат 07:30 чамасында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Бою: 160-165 сантимерт, чачы кара жана кыска кыркылган. Көзү кара.

Кийип жүргөн кийимдери: "UFG" аталышындагы жазуусу бар кара түстөгү футболка. Көк түстөгү кепка жана көк түстөгү чолок шым жана күрөң түстөгү бут кийим. Колунда кара түстөгү рюкзагы бар.

Ошол эле күнү аталган даректен жана жогорудагы убакта үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон 2004-жылы туулган Назарбаев Исламбек Жоомартович изделүүдө.

Бою: 160-165 сантиметр, чачы, көзү кара.

Кийип жүргөн кийимдери: Көк түстөгү футболка, спорттук шым, кара түстөгү бут кийим. Колунда кара түстөгү рюкзагы бар.

"Дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм дос болушкан. Андыктан экөө чогуу жүрүшү ыктымал", - дейт басма сөз катчы.

Кимде-ким сүрөттөгү балдарды таанып-билген болсо, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө төмөндөгү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.

Телефон номерлер: 0 (312) 36-35-27, 0 (700) 20-96-66 , 0 (550) 51-09-05.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан