Казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, муз үстүндөгү бийчи, олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси 25 жаштагы Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин бирөөсү кармалып убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал 1994-жылы туулган Жамбыл облусунун тургуну Нуралы Киясов экени аныкталган. Ал жактоочунун катышуусунда көрсөтмө берип күнөөнү толук моюнуна алган. Экинчи шектүүнүн да аты-жөнү аныкталып аны издөө иштери уланууда.
Айта кетсек, кечээ, 19-июлда белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгүлөрүн уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тенди бычак менен сайган.
Ал бычактан алган жаракатынан улам Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Денис Тен 3 литрге жакын кан жоготкондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай каза болгон.