Ош шаарында эркек киши каналга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июль күнү саат 23:19 чамасында Масалиев көчөсүндөгү Якалик каналына эркек кишинин чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында саат 05:00 чамасында маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлери табышып, Ош шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына өткөрүп беришкен. Учурда жарандын аты-жөнү такталууда.