Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн, 20-июлда саат 10:53 чамасында 2012-жылы туулган П.М. аттуу баланын жансыз денеси Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылды. Баланын жансыз денесин аймактагы тургундар көрүп, жээкке алып чыгышкан. Сөөк табылган жерден атасы уулун тааныды", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган П.М. аттуу тургуну 13-июль күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, ошол учурдан баштап издөө иштери башталган.